Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Ош мэриясы "Келечек" базарындагы 150дөн ашык соодагер жаңы орун алганын билдирди


Ош мэриясы тараткан видеодон алынган сүрөт.
Ош мэриясы тараткан видеодон алынган сүрөт.

Ош шаардык мэриясы буга чейин "Келечек" базарында соода кылып келген 150дөн ашык адам жаңы муниципалдык базардан жаңы орун алганын билдирди. Калгандары тизмеге ылайык кезек менен такталып берилип жатканын кабарлады.

"Салык кызматы жана "Келечек" базарынын администрациясы аркылуу патенти бар жана салык кызматына катталган жалпы 382 соодагердин тизмеси түзүлгөн",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин "Келечек" базарынын көчүрүлүшүнө анда иштеген ондогон соодагер каршы чыгып, нааразылык акцияларды өткөрүп келген. Мэр Жеңишбек Токторбаев аларга жолугуп, базар 31-июлдан тартып сөзсүз көчүрүлөрүн айткан. Бул базардын айынан тыгын жаралып жатканын айтып, 400 соодагерге жаңы муниципалдык базардан бекер жай берип жатканын кошумчалаган.

Нааразылык акциясына чыккандар бул базарда 1200дөй адам соода кыларын, контейнерлерди, соода түйүндөрдү убагында мыйзамдуу жол менен чоң акчага сатып алышканын, колунда "кызыл китептери" турганын айтышкан. Башка базарга көчүрүү менен алардын жеке менчик укугу бузулуп жатканын белгилешкен. Соодагерлер алардын пикири эске алынбай, убакыт берилбей, чукул көчүрүлгөнү жатканына нааразы болуп келишкен.

Мэрия шаардагы негизги базарлар 1-июлдан тартып жаңы муниципалдык базарга көчүрүлгөнүн билдирген. Ага ылайык "Келечек", "Бексултан", "Кийим-кече" базары, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар көчүрүлөрү белгилүү болгон.

Шаардын четиндеги жаңы муниципалдык базарда ар бири 6-7 чарчы метр деп эсептелген 2,5 миң орун болору, 25 катарга жайгашары маалымдалган, базардын жанына 1,5 миң машинага токтоого ылайыкташкан жай даярдалары айтылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG