Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Зеленский коррупцияга каршы күрөшкөн эки мекеменин макамын бекемдеген мыйзамга кол койду


Жогорку раданын алдындагы митинг, 30-июль, 2025-жыл
Жогорку раданын алдындагы митинг, 30-июль, 2025-жыл

31-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский Жогорку рада кабыл алган Коррупцияга каршы улуттук бюронун (НАБУ) жана Адистештирилген антикоррупциялык прокуратуранын (САП) көз карансыздыгын кайра калыбына келтирип, укуктук макамын бекемдеген мыйзамга кол койду.

"Бул биздин мамлекеттеги бардык укук коргоо органдарынын нормалдуу жана көз карандысыз иштөөсүнө кепилдик берет. Бул туура чечим... Мамлекет коомдук пикирге кулак салып жатканы абдан маанилүү. Украинада демократия, анда эч кандай шек жок. Өкмөт өкүлдөрү бул мыйзам тууралуу Украинанын өнөктөштөрүнө дароо кабарлашат», - деп жазды Зеленский.

Мыйзам долбоору президенттин демилгеси менен даярдалып, 31-июлда Жогорку рада колдогон. Документти 331 депутат колдоп, эч ким каршы добуш берген жок.

Ошол эле маалда Антикоррупциялык бюронун детективдери мамлекеттик сырды сактоо боюнча полиграфтан өтүүгө милдеттүү. Атайын кызмат алардын кызматкерлеринин Орусия менен байланышы бар-жогун текшерүүгө укуктуу. Ошондой эле улуттук бюронун кызматкерлери согуш маалында ээн-эркин чек жактарга чыга албайт.

Ошентип Жогорку рада өткөн аптада кабыл алган эки мекеменин көз карансыздыгын чектеген мыйзамды жокко чыгарды. Ал мыйзам жемкорлукка каршы күрөшкөн эки мекемени Украинанын башкы прокуроруна көз каранды кылып койгон эле. Мындай өзгөртүүлөргө каршы Киевде жана башка шаарларда массалык нааразылык акциялары өткөн.

Аталган эки институт тең 2010-жылдан кийин Евробиримдиктин сунушу менен өлкөдө жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү үчүн түзүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG