Орусиянын президенти Владимир Путин интернетте, анын ичинде VPN колдонуп, "атайын экстремисттик материалдарды" издегендерди административдик жазага тартууга жол ачкан мыйзамга кол койду.
Быйыл 1-сентябрдан баштап андай жарандарга 3 миңден 5 миң рублга чейин айып пул салынат.
Ал эми VPN үчүн өзүнчө жобо каралган. VPN колдонуунун жол-жобосун тараткан жарандар 50 миңден 80 миң рублга, жооптуу адамдар 80 миңден 150 миңге, ал эми юридикалык жактар 200 миңден 500 миң рублга чейин айыпка жыгылат.
VPN колдонуп, мыйзам бузгандардын жагдайы оор деп саналат.
Орусиянын байланыш министри Максут Шадаев атайылап тыюу салынган материалдарды издебегендер мындай жоопкерчилик тартпай турганын түшүндүрдү.
Орусиянын Юстиция министринин реестринде 5 миңден ашуун материал "экстремисттик" деп катталган. Жакында эле ал тизмеге Алексей Навальныйдын "Патриот" деген китеби да киргизилгени маалым болду.
Шерине