Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06
Киев.
Киев.

Киев ракета жана дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:32 1.8.2025

Киев шаарында Орусиянын 31-июлга караган түндөгү чабуулунан бир капшыты кыйраган көп кабаттуу үйдөгү куткаруу, урандыларды тазалоо иштери аяктады.

Жума күнгө караган түндөн бери уранды астынан дагы 15 адамдын сөөгү табылып, набыт болгондордун жалпы саны 31ге жетти. Алардын бешөө балдар жана эң кичинеси эки жашта болгон. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал Орусиянын Киевге жасаган соккусу Москвага басымды, санкцияларды күчөтүү керектигин көрсөтөрүн билдирди.

"Кремл мындай чаралардын натыйжалуулугун канчалык жокко чыгарбасын, андай чаралар таасирин берип жатат жана ал улантылышы керек",-деп билдирди Зеленский.

Бул чабуулда 160тай адам жараат алган. Киевде 1-августта аза күтүү күнү жарыяланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги бейшембиге оогон түнү ракеталар жана дрондордун топтому менен Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирген.

Бирок Киев шаарында турак жайлар бутага алынганы, жайкын тургундар набыт болгону тууралуу билдирүүлөргө комментарий берген эмес.

11:11 31.7.2025

Орус армиясынын Киев шаарына 31-августка караган түндө жасаган чабуулунан бир адам мерт болуп, дагы 43 киши жараат алды. Алардын теңи ооруканага жаткырылды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ракетадан жасалган чабуулдан көп кабаттуу үйдүн подъезди кыйраганы тартылган видеону жарыялады жана алдына "Киев. Ракеталык чабуул. Так эле үйгө жасалды. Урандылардын алдында адамдар бар. Бардык кызматтар иштеп жатат. Орустар террорчулар",-деп жазды.

Мунун алдында Киев бейшембиге оогон түнү дрондор менен дагы аткыланганы кабарланган. Украинанын көпчүлүк аймактарында түндө айгай салынып, тургундарга эскертүү берилди.

Ага чейин Абадан коргоо күчтөрү көп сандаган "Шахед" үлгүсүндөгү дрондор менен чабуул жасалганы жатканын маалымдаган.

Орусия Киевге жасалган чабуул тууралуу комментарий берген жок.

12:01 30.7.2025

Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Орусияга Украина менен согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого 10 күндүк мөөнөт чегерди.

Ал Шотландиядан АКШга учканы жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул убакыт шейшембиде, 29-июлдан тартып башталарын билдирди.

Трамп Орусиядан буга чейинки сунуштарына жооп албаганын белгилеп, Москва менен сүйлөшүүлөргө барууга мындан ары кызыкдар эместигин белгиледи.

Ал дүйшөмбүдө орус президенти Владимир Путинден көңүлү калганын айтып, буга чейин аларга Украина менен жарашууга берилген 50 күндүк мөөнөттү кыскартарын маалымдаган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков анда Трамптын мөөнөттү кыскартуу тууралуу билдирүүлөрүн Орусия "эске алганын" айткан.

"Биз Трамптын билдирүүлөрүн эске алдык. Атайын операция уланып жатат, биз Украинанын айланасындагы жаңжалдын тынчтык жолу менен чечилишин, анын жүрүшүндө биздин кызыкчылыктарыбыздын камсыздалышын жактайбыз",-деген Песков.

АКШнын президенти 14-июлда Москвага 50 күн чектеп, эгер бул маалда Кремл кепке-сөзгө келбесе Вашингтон Орусияга жана андан энергетикалык ресурстарды алган өлкөлөргө бажы тарифтерин 100% көтөрөрүн жарыялаган. Ошондой эле Трамп Украинага курал-жарак берүүгө даярдыгын билдирген.

Мындан көп өтпөй Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров Москванын Киевге койгон талаптарын кайталаган. Кремл Украинага НАТОго кирүүдөн, Орусия оккупациялап алган өз аймактарынан баш тартуу талабын койсо, Киев аны кескин четке каккан.

12:01 30.7.2025

Орусиянын Украинанын Запорожье облусуна жасаган соккусунан түзөтүү абагында отурган 16 адам мерт болуп, дагы 35 киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди. Анын сөзүнө караганда орус аскерлери 29-июлга караган түнү бул аймакты фугас авиабомбалары менен бир нече жолу аткылаган.

Федоров Телеграм каналына мекемелердин имараттары, жер тамдар жабыркаганын жазды.

Президенттин кеңсесинин башчысы Адрей Ермак бул окуяны "Орусиянын кезектеги аскердик кылмышы" деп атады.

Расмий Москва Запорожьеге урулган сокку тууралуу маалымат бере элек.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү Украинанын 74 дрону атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Негизинен Брянск, Калуга, Смоленск жана Ростов облустары бутага алынганын кабарлады.

Ростов облусунун губернатору Юрий Слесардын билдиришинче, Сальск шаарында бир айдоочу набыт болду, темир жол станциясында өрт чыкты.

Бул станцияда кыймыл убактылуу токтотулду. Маалыматтарга караганда, жүк ташыган поезд өрттөнүп, жүргүнчү ташыган поезддин терезелери сынды.

Согуш маалында мындай билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG