Кыргызстанда дыйкандар иштеткен жер тилкеси үчүн Социалдык фондго төккөн камсыздандыруу төлөмү боюнча жаңы эреженин мөөнөтү убактылуу токтотулуп, сентябрь айына калды. Бул тууралуу 1-августта президенттик администрациянын Маалымат саясаты кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Дыйкан чарбалар үчүн жаңы камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу билдирүүсүнө ал:
"Өкмөт 2025-жылдын сентябрына чейин Салык кызматына жана Социалдык фондго бул мыйзамды аткарбай туруу тапшырмасын берди. Сентябрда Жогорку Кеңеш жумушка чыккандан кийин мыйзамды кайра карап чыгып, дыйкан чарба ээлерине оорчулук келтирбей турган өзгөртүү киргизери пландалды", - деп жазды.
Пенсия системасын жакшыртуу деген максатта былтыр өкмөттүн демилгеси менен “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзам өзгөртүлгөн, ар кимдин пенсиясы Соцфондго төлөгөн төгүмүнө жараша болору белгиленген. Ага ылайык, быйыл 14-майдан тартып жер үчүн төлөмдүн жаңы тарифи кирген.
Буга чейин, Орунбеков белгилегендей, дыйкандар Соцфондго бир жылда бир жолу, мисалы, Ат-Башыда 1 гектарга 191 сомдой төлөп келген болсо жаңы мыйзам алыскы жана тоолуу Ат-Башы, Чаткал, Алайку сыяктуу аймактарда жашаган элге оор келип, нааразы пикир жаратты. Анткени анда алыскы аймактарда жашаган дыйкандар 1–2 ай гана жер иштеткени менен жыл ичинде ар бир айга 1762 сомдон төлөшү керектиги бекитилген.
Ал эми айыл чарба багытындагы жерге мүлк салыгы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылы үч жылга токтотулган, быйыл мындай жеңилдиктин мөөнөтү 2030-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. (RK)