Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары көмүр кенин басып алууга шек саналып камалды


Кара-Кече, Нарын.
Кара-Кече, Нарын.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары А.Ж. уулу менен М.М. Нарындагы көмүр кендеринин бирин мыйзамсыз басып алууга шек саналып камалганын билдирди. Аларга каршы арыз жазылганын маалымдады, бирок кимден түшкөнүн тактаган жок.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, кылмыш ишин козгоого негиз болду. Анда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары А.Ж. уулу менен М.М. коркутуу, дагы башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп, акча төлөбөстөн аталган көмүр кенин иштетип жаткан компаниянын акцияларынын контролдук пакетин берүүгө мажбурлашкан. Кылмышка шектүүлөр 31-июлда камалды жана аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылат, сотто тергөө бүткүчө абакта калтыруу бөгөт чарасы тандалды"-деп жазылган маалыматта.

Айрым жергиликтүү басылмалар камалгандар Алтынбек Жунус уулу менен Муратбек Малабаев экенин жазып жатышат.

Экс-депутаттар жана алардын жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Нарындын Жумгал районундагы Кара-Кече жана Миң-Куш аймактарында бир нече көмүр кени бар жана аларды мамлекеттик жана менчик ишканалар иштетет.

Шерине

XS
SM
MD
LG