Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Азаттык: Кечки радио эфир | 01.08.2025 | Жогорку Кеңештин экс-депутаттары көмүр кенин басып алууга шек саналып камалды


Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары А.Ж. уулу менен М.М. Нарындагы көмүр кендеринин бирин мыйзамсыз басып алууга шек саналып камалганын билдирди. Аларга каршы арыз жазылганын маалымдады, бирок кимден түшкөнүн тактаган жок. "Текшерүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, кылмыш ишин козгоого негиз болду. Анда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары А.Ж. уулу менен М.М. коркутуу, дагы башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп, акча төлөбөстөн аталган көмүр кенин иштетип жаткан компаниянын акцияларынын контролдук пакетин берүүгө мажбурлашкан. Кылмышка шектүүлөр 31-июлда камалды жана аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылат, сотто тергөө бүткүчө абакта калтыруу бөгөт чарасы тандалды"-деп жазылган маалыматта.

Шерине

XS
SM
MD
LG