Орус армиясынын 31-июлга караган түнү Киев шаарына жасаган чабуулунда набыт болгон адамдардын саны 26 болду. Бул тууралуу шаардык аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченко билдирди.
Куткаруу кызматтары бейшемби күнү кечинде жана таңга маал көп кабаттуу үйдүн урандыларынын астынан дагы он адамдын, анын ичинде эки жашар баланын сөөгүн алып чыгышканын маалымдады.
Чабуулда 160тай адам жараат алды. Издөө, куткаруу иштери уланып жатат.
Киевде 1-августта аза күтүү күнү жарыяланды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ракетадан жасалган чабуулдан көп кабаттуу үйдүн подъезди кыйраганы тартылган видеону жарыялап, анын алдына "Киев. Ракеталык чабуул. Так эле үйгө жасалды. Урандылардын алдында адамдар бар. Бардык кызматтар иштеп жатат. Орустар террорчулар", - деп жазган.
Орусиянын Коргоо министрлиги бейшембиге оогон түнү ракеталар жана дрондордун топтому менен Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирген. Бирок Киев шаарында турак жайлар бутага алынганы, жайкын тургундар набыт болгону тууралуу билдирүүлөргө комментарий берген эмес.
Шерине