Дональд Трамп ондогон өлкөлөрдөн келген товарларга 10-41% тариф киргизди

Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп 69 өлкөдөн келген товарларга 10 пайыздан тартып 41 пайызга чейинки тариф киргизди.

Анын "такталган бажы алымдары" жөнүндөгү буйругу жети күндөн кийин күчүнө кирерин билдирди.

Документке ылайык, эң чоң бажы тариф Сирия (41%) менен Бирмага (40%) салынды. Ал эми Британияга эң аз (10%) тариф берилди.

Ошол эле учурда Канададан келген импортко алым 25 пайыздан 35 болуп жогорулады. Бирок бул талап АКШ, Мексика жана Канаданын буга чейинки соода келишиминде көрсөтүлгөн товарларга колдонулбайт.

Калган мамлекеттердин басымдуу бөлүгүнө, ошондой эле Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө бажы тарифи 15% деп белгиленген.

Бул тизмеге Кытай кирген эмес. Расмий Вашингтон менен Бээжин соода келишимине байланыштуу өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Трамп буга чейин Кытайга бажы төлөмдөрүн 125% чейин көтөргөн. Буга расмий Бээжин жооп кылып АКШдан импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн 125% чейин жогорулатарын кабарлаган.

Трамп 5-апрелден тартып АКШнын дээрлик бардык соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган. Бирок көп өтпөй, 9-апрелде 75тен ашык өлкөгө бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө жылдырган.

Дагы караңыз

Киевде Орусиянын соккусунан мерт болгон адамдардын саны 26га жетти Жогорку Кеңештин экс-депутаттары көмүр кенин басып алууга шек саналып камалды Араб мамлекеттер лигасы Газага эл аралык күчтөрдү жайгаштырууну сунуштады Сот Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө шектүү күйөөсүн 18 жылга эркинен ажыратты Таласта катуу мөндүрдөн 100дөн ашык дыйкан чыгаша болду, зыян 55 миллион сом деп эсептелди Ош мэриясы "Келечек" базарындагы 150дөн ашык соодагер жаңы орун алганын билдирди Канада Палестин мамлекетин тааный турганын сентябрда БУУнун жыйынында жарыялайт Өкмөт эттин баасына көзөмөл киргизет